Улуттук банктан ноябрдагы көп сандагы интервенциянын себебин түшүндүрүп беришти

Улуттук банктан ноябрдагы көп сандагы интервенциянын себебин түшүндүрүп беришти.

Башкы каржы мекемесинен билдиришкендей, ички валюттук рынокто чет өлкөлүк валютага

суроо-талап жогору болду. Ошондой эле тышкы факторлор да себеп, пандемиядан улам

бир катар өлкөлөрдө кайталанып киргизилген чектөөлөр глобалдык экономикага терс

таасирин тийгизди. Эске салсак, Улуттук банк ноябрда 11 ирет интервенция жүргүзүп,

84 миллион 750 миң доллар сатты. Жалпысынан жыл башынан бери

26 ирет каржы рыногуна чыгып 430 миллион 450 миң доллар коротту.