Улуу Британияда мектептерде смартфон колдонууга тыюу салынды

Улуу Британияда мектептерде смартфон колдонууга тыюу салынды. Гаджеттер менен коңгуроо учурунда дагы колдонсо болбойт. Талапты бузган окуучулар сабактан кийин калтырылат.

 

Мугалимдер менен мектеп директору смартфонду өздөрү туура көргөн мөөнөткө тартып алат. Телефон жабыркаса, ата-энелер арыздана албайт, сотко бере албайт. Жаңы эрежелер окуучулардын жүрүм-турумун жакшыртууга багытталган.