Кыргызстанда аба-ырайынын шарттарына байланыштуу бир нече тоолуу жолдор жабылды

Кыргызстанда аба-ырайынын шарттарына байланыштуу бир нече тоолуу жолдор жабылды.

 

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, чектөөлөр Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу, Каракол – Эңилчек, Барскоон – Акшыйрак жана Түп-Кеген трассаларында киргизилди.

 

Жолдор аба-ырайынын шарттары жакшырганга чейин жабык болот. Айдоочуларга аталган каттамдар менен сапарга чыкпай туруу сунушталат.