Ордо калаада сууга түшүүгө тыюу салынуучу белгилер орнотулду.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, иштер
Октябрь районунун аймагында жайгашкан кооптуу суу объетилеринде аткарылды.
Быстроток, Ала-Арча дарыясынын Малдыбаев менен Масалиев көчөлөр кесилишине жана
Аламүдүн дарыясынын аймагында сууга түшүүгө тыюу салынуучу белгилер орнотулду.
Мындан улам жарандар аталган аймактарга барбай туруусу сунушталат.