Ош балатысынын оту 25-декабрда жанат

Ош балатысынын оту 25-декабрда жанат. Түштүк калаа мэриясынын маалыматына ылайык, бул күнү шаар тургундары үчүн жергиликтүү артисттердин катышуусу менен концерт тартууланат.

 

Эске салсак, Оштогу жаңы жылдын башкы символунун бийиктиги 28 метрге жетет. Жалпысынан түштүк калаа мэриясы жаңы жылдык жасалгалоо иштерине 3 миллион сом багыттайт.