Жаңы окуу жылынын башталышына үч жумага жетпеген убакыт калды

Жаңы окуу жылынын башталышына үч жумага жетпеген убакыт калды. Ага ылайык, республиканын бардык ири шаарларында мектеп жарманкелери уюштурулду.

 

Милиция жарандарды окуу куралдарын сатып алууда этият болууга чакырат. Тартип сакчыларынын айтымында, кеңсе буюмдары, мектеп формасы сатылган жерлерде уурулар, чөнтөкчүлөр да болушу мүмкүн.

 

Жарандар жеке буюмдарына жана акчасына сак болушу керек.