Ноокенде колотто жүргөн 50дөй койду сел агызып кетти

Жалал-Абад облусунда 6-майга караган түнү сел каптаган айылдарда кырсыктын кесепеттерин жоюу иши журүп жатат.

 

Соңку маалыматка караганда, Ноокен районунун Достук айыл аймагынын Кызыл-Туу айылында колотто жүргөн 50дөй койду сел агызып кеткен.

Райондун акими Эркин Маматаев «Азаттыкка»  билдиргендей, чыгым азыр жеринде такталып атат.

 

Мындан сырткары беш гектардай эгин талаасын да сел каптаган.

 

Мындан тышкары, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, селден Ала-Бука районунун Биринчи Май айыл аймагында, Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл аймагында үйлөр, эгин талааларын, Аксы районунда 4-майда нөшөр жаандан кийин автожолдорду суу каптаган.