Ысык-Көл облусуна 1 гигаватт күн электр станциясын куруунун акыркы шарттары макулдашылды

Ысык-Көл облусуна 1 гигаватт күн электр станциясын куруунун акыркы шарттары макулдашылды. Ага Кытайдын компаниялары инвестор болот. Ички жол-жоболор аяктагандан кийин инвестициялык макулдашуу бекитилет.

 

Быйыл май айында долбоордун баштапкы шарттарына Кытайдын Сиан шаарында кол коюлган. Инвестициянын көлөмү 800 миллион долларды түзөт.

 

Министрлер кабинети 500дөн ашык жумушчу орун түзүлүп, Тору-Айгыр айылынан Кемин көмөк чордонуна чейин 80 чакырым 500 кВт жогорку чыңалуудагы электр линиясы куруларын белгилөөдө.