Профсоюздун эсебинен курортко жолдомо берүүгө мораторий киргизилди

Профсоюз тарабынан Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондунун каражатынын эсебинен санаторий-курорттук мекемелерге жолдомо берүүгө мораторий киргизилгени «Токтом» маалыматтык-укуктук порталында жазылган.
Билдирмеге караганда, мындай жарлыкка президент Садыр Жапаров кол коюп, документ 2027-жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болот.
«Фондго түшкөн каражат санаторий-курорттук мекемелердин имараттарынын капиталдык курулушуна жана оңдоого, ошондой эле алардын материалдык-техникалык базасын жакшыртууга жумшалмакчы», — деп жазылат маалыматта.
Президенттин иш башкармалыгына ушул жылдын аягына чейин санаторий-курорттук мекемелердин объектилерин убактылуу пайдаланууга кабыл алуу жана иштеп жаткандарын, туристтик объектилерди заманбап талапка шайкеш келтирүү иштери жүктөлгөн. Ал эми министрлер кабинетине 2028-жылдын 1-январынан тартып фонддун каражатын бөлүштүрө турган ыйгарым укуктуу органды аныктоо тапшырылган.
Буга чейин Садыр Жапаров Профсоюздар федерациясы акыркы 30 жылда санаторий, курорттук жана туристтик объектилерди өнүктүрүүдө маанилүү натыйжага жетише албаганын айтып, катуу сындаган.