Токмокто массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынды. Мэриядан такташкандай, кеп тойлор, мааракелер жана аштар тууралуу болуп жатат. Муниципалитет талаптарды сактабаган кафе-ресторан ээлерине карата катуу чара көрүү ниетинде.
Чечим Токмоктогу курчуп жаткан эпидемиологиялык абалдан улам кабыл алынды.