Быйыл Кыргызстанга зер боюмдар былтыркыдан дээрлик 10 тоннага көп импорттолду

Быйыл Кыргызстанга зер боюмдар былтыркыдан дээрлик 10 тоннага көп импорттолду.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, быйыл январдан сентябрга чейин

өлкөгө 12 тонна 300 килограмм кымбат баалуу металлдан жасалган зер боюм алынып келинди.

Анын жалпы суммасы 4 миллион 800 миң долларды түздү. Ал эми 2020-жылы Кыргызстанга

2 тонна 700 килограмм зер буюм импорттолгон, анын баасы 3 миллион долларга жеткен эмес.

Импорттогон өлкөлөрдүн сап башында Россия, Түркия, Өзбекстан турат. Тизмеде

ошондой эле Италия, АКШ жана Бириккен Араб Эмирлиги дагы бар.