Ош шаарында тамак-аш калдыктарын салуучу үкөктөр коюла баштады.
Түштүк калаа мэриясынын маалыматына ылайык, пилоттук долбоордун негизинде тамак-аш калдыктарын салуучу атайын үкөктөр «Курманжан-Датка», «Манас-Ата», «Сулайман-Тоо» жана «Керме-Тоо» муниципалдык аймактык башкармалыктардын аймагындагы көп кабаттуу үйлөрдүн жанына орнотулууда.
Кошумчаласак, үкөктөр жеке ишкерлер тарабынан берилүүдө.