Ысык-Көл районунда 150дөй мыйзамсыз курулуш аныкталды

Ысык-Көл районунда 150дөй мыйзамсыз курулуш аныкталды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги билдирди.

 

Агенттик облустагы эс алуучу жайларды, архитектура жана шаар куруу мыйзамдарынын сакталышын, инвентаризация жана саркынды сууларды тазалоочу курулмаларын мониторингдөө процессин аяктады.

 

Мыйзам бузгандарга байланыштуу материалдар сот органдарына өткөрүлөт.