Пекин-Бишкек аба каттамы ачылышы ыктымал. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Кытайга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында айтылды.
Маалыматка ылайык, негизинен эки мамлекет ортосундагы соода-сатыкты кеңейтүүгө жана жеңилдетүүгө көңүл бурулду. Бул үчүн өлкөлөр ортосундагы транспорттук байланышты активдештирүү керектиги белгиленди.
Эске салсак, учурда Кытай менен Үрүмчү-Бишкек жана Сиань-Бишкек авиакаттамдары бар.