Кыргызстан Кытайдан газ менен жүрүүчү 500 автобус сатып алат

Быйыл Кыргызстан Кытайдан газ менен жүрүүчү 500 автобус сатып алат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

 

Маалыматка ылайык, Садыр Жапаров Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Шаньдун провинциясынын Цзинань шаарында автобус чыгарган заводдун иши менен таанышты.

 

Белгилеп кетсек, буга чейин бул ишканадан Бишкек үчүн газ кыймылдаткычтуу 120 автобустун партиясы сатылып алынган.