Түркмөнстан кыргызстандык жүк ташуучулар үчүн чек арасын ачты

Түркмөнстан Кыргызстандык жүк ташуучулар үчүн чек арасын ачты.

Унаа жана жолдор министрлиги билдиргендей, чет элдик жүк ташуучу унаалар аталган мамлекет аркылуу Иранга 1-июндан тарта бара алышат.

Негизги шарты бардык зарыл болгон талаптарды сактоо.

Түркмөнстан коронавирустук пандемия башталгандан бери чек арасын жапкан.

Бул кыргызстандык жүк ташуучуларга бир топ ыңгайсыздык жаратып, каржылык чыгымдарын көбөйткөн.

Мындан улам, айдоочулар Казакстан жана Россиянын аймактары аркылуу альтернативдүү транспорт коридорлорун колдонууга аргасыз болушкан.