Кечээ, 29-ноябрда саат 22:42лер чамасында Кыргызстандын аймагында күчү
3 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына
ылайык, жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында, Орказган айылынан
түштүк-чыгышка карай 10 чакырым, Канжыга айылынан түштүк-чыгышка
карай 10 чакырым аралыкта жайгашкан. Кыргызстандын Орказган,
Канжыга айылдарында жер титирөөнүн күчү 3 баллга жакын сезилген.