Ысык-Көлдө күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, зилзала Туура-Суу, Бөкөнбаев,
Темир-Канат айылдарында – 3,5 балл, Төрт-Күл, Кажы-Сай, Тоң, Көк-Сай, Эшперов,
Тогуз-Булак айылдарында – 3 баллга чейин сезилди. Жердин
силкинүүсүнөн жабыркагандар катталган жок