Каалоочулар Дженнифер Лопестин үйүнө ээлик кыла алат

Каалоочулар Дженнифер Лопестин үйүнө ээлик кыла алат. Ырчы жана актриса Лос-Анжелес шаарындагы ири үйүн сатыкка чыгарды. Анда террассасы менен чоң хан сарай, машыгуу залы, өзүнчө конок үйү, амфитеатр, бассейн жана жеке пляж бар.

 

Ал эми турак-жайдын ичинде 9 уктоочу бөлмө, ашкана, бар жана кинотеатр бар. Атактуу ырчынын үйүнүн баасы 40 миллион доллар.