Өзбекстан менен чек аранын такталбаган тилкелери боюнча макулдашуу парламенттин кароосуна келип түштү.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма-сөз кызматынан билдиришти.
Макулдашууга Кемпир-Абад суу сактагычын өткөрүп берүү пункту дагы камтылган. Күтүлгөндөй, документ жакынкы күндөрү ратификацияланат, андан кийин тилкелерди тактоо иштери жүргүзүлөт.