Бишкектен Балыкчыга поезд 16-июндан тарта каттай баштайт

Бишкектен Балыкчыга жүргүнчү ташыган поезд 16-июндан тарта каттай баштайт. «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, каттамдар жума, ишемби, жекшемби күндөрү аткарылат.

 

Ал эми 17-июлдан 31-августка чейин поезд Көлгө күнүнө жүрөт. Билетти алдын ала 12-июндан баштап сатып алса болот.