Ошто таштандыларды чогултуу жана сорттоочу экинчи пункт пайда болду

Ошто таштандыларды чогултуу жана сорттоочу экинчи пункт пайда болду. Мэриядан билдиришкендей, ал Алиев жана Пушкин көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.

 

Участокто бүт процессти көзөмөлдөгөн диспетчер иштейт.

 

Мэрия алгачкы пункт былтыр жайында Араван кичи районунда орнотулганын эске салды. Анда мындай пилоттук долбоор Кыргызстанда биринчи жолу ишке ашырылган.