Жалал-Абад, Ош, Ысык-Көл, Нарын жана Чүй облустарында 10-апрелде айрым шаардык кеңеш депутаттарын шайлоо өтөт

Жалал-Абад, Ош, Ысык-Көл, Нарын жана Чүй облустарында 10-апрелде айрым шаардык кеңеш депутаттарын шайлоо өтөт. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

 

Белгилеп кетсек, добуш берүү жергиликтүү депутаттардын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү соңуна чыккандыктан белгиленди. Министрлер кабинетине шайлоону өткөрүүгө мыйзамдуулукту камсыздоо, керектүү каражатты табуу тапшырмасы берилди.