Бишкекте «Мектеп лигасы» улуттук программасы расмий ачылды.
Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти. «Мектеп лигасы»
программасын ишке киргизүүнүн максаты — окуучулардын арасында
массалык спортту өнүктүрүү жана сергек жашоо образын жайылтуу.
Анын алкагында спорттун 3 командалык түрү ишке кирет: атайын
даярдыкты талап кылбаган футбол, волейбол жана баскетбол.
Мектеп лигасы өлкөнүн бардык аймактарынан жаш таланттарды
аныктоого жана спорттук Олимпиадага жаңы жылдыздарды
тартууга мүмкүнчүлүк берет.