Жалал-Абад шаарында жаңы спорттук комплекс ачылды.
Бул тууралуу жергиликтүү мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, имарат спорттун бир нече түрү менен машыгууга жана таймаш өткөрүүгө ылайыкташтырылып, заманбап жабдуулар менен камсыздалган.
Жалпы аянты 1 миӊ чарчы метрден ашык комплекс шаардагы окуу жайдын демилгеси менен курулду.