Бишкектеги бир катар көчөлөрдүн курулушу пландалган мөөнөттөн кеч аяктайт

Бишкектеги бир катар көчөлөрдүн курулушу пландалган мөөнөттөн кеч аяктайт.

Мэриянын маалыматына ылайык, Ажыбек Баатыр көчөсүнүн бир тилкеси 1-июлда

пайдаланууга берилет. Буга чейин оңдоо иштери 1-июнда бүтөт деп күтүлүп жаткан.

Иштер башка көчөлөрдө да созулушу ыктымал, кайсыларда экени так айтылбайт.

Мэриядан белгилешкендей, көчөлөрдү ондоо иштери жол катмарын жаңыртуу менен чектелбейт.

Андан тышкары канализация, электроэнергия, суу түтүктөрүн жана телефон тармактары өткөрүлөт.