Кыргызстанда мыйзамсыз курулган 59 көп кабаттуу имарат аныкталды

Архитектуралык курулуштарды көзөмөлдөө башкармалыгы өлкө боюнча эч кандай уруксаты жок курулган 59 көп кабаттуу имаратты аныктады. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, мыйзамсыз курулган имараттардын 37си Бишкек шаарында, 18 имарат Ош шаарында курулган. Ошондой эле Чүй облусунан 4 имарат аныкталган.

 

Ал эми тийиштүү уруксат кагазы жок салынган имарат ээлерине карата мыйзамдарга ылайык зарыл чараларды көрүп, чечим чыгаруу үчүн бул иш тиешелүү органдарга жөнөтүлгөнү айтылат маалыматта.

 

Белгилей кетсек, өлкөдөгү курулуш иштери «шаар куруу жана архитектура жөнүндө» мыйзамда көрсөтүлгөн талаптардын негизинде гана жүргүзүлүүгө тийиш.