Ош–Баткен–Раззаков унаа жолу кеңейтилүүдө

Ош–Баткен–Раззаков унаа жолу кеңейтилүүдө.

Бул тууралуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, оңдоо иштери Ноокат районунда аталган унаа жолдун 40-46-чакырымдарында жүрүүдө.

Жолдун бул бөлүгү бак-дарактардан тазаланып, шагыл төгүлүп, тегизделип жатат, — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, трассаны оңдоо ушул айда расмий башталган.

Долбоорго Дүйнөлүк банктан, Ислам өнүктүрүү банкынан, Европа Биримдиги, Европа кайра калыбына келтирүү жана өнүктүрүү банкы, Япония уюмунан жана Кытайдан каражат алынган.