Кыргызстандык мигранттар мекенине 148,5 миллион доллар которду. Үстүбүздөгү жылдын январь айына карата маалыматты Улуттук банктан беришүүдө. 2019-жылдын биринчи айына салыштырмалуу, которуулар дээрлик 17 миллион долларга азайды.
Мурдагыдай эле, акчанын басымдуусу Россия жана АКШдан келет.