Бишкектин Арча-Бешик конушунда кыска мөөнөттүү бала бакча ачылды. Ал №93 мектептин базасында иштейт. novosti.kgге Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, анда мектепке чейинки билим берүү үчүн бардык шарттар каралып, 3 жаштан 5 жашка чейинки бөбөктөр кабыл алынат.
Ата-энелер бул жерге балдарын 3 саатка калтырып кетет.
Артыкчылык кандайдыр бир себептер менен бала бакчаларга барбаган балдарга берилет. Долбоор сынамык иретинде ишк кирди. Ал ийгиликтүү болсо, программа кеңейтилет.