Мамлекеттик бюджетти колдоо үчүн ачылган  депозиттик эсепке 1,5 миллион сомдон ашык чогулду

Мамлекеттик бюджетти колдоо үчүн ачылган  депозиттик эсепке 1,5 миллион сомдон ашык чогулду. Экономика жана каржы министрлигинин маалыматына ылайык, каражатты укук коргоо органдары которгон.

 

Ошондой эле, физикалык жана юридикалык жактардын ыктыярдуу салымдары да бар. Сумма мамлекеттик казнага которулду. Эске салсак, депозиттик эсепти ачуу чечими январь айында кабыл алынган.