Жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоо 24 миллион 683 миң сомго айланат

Жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоо 24 миллион 683 миң сомго айланат. Чыгашалар сметасын БШК бекитти. Каражат добуш берүүгө арналган каражаттарды сатып алууга жана операторлордун айлыгына жумшалат.

 

Эске салсак, жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоо Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарында өтөт. Добуш берүү 10-апрелге белгиленди.