Доллар дагы 3 сомго арзандады

Доллардын сомго карата баасы дагы төмөндөдү. Өлкөнүн коммерциялык банктарында жана акча алмаштыруу жайларында долларды сатып алуу 86 сом 20 тыйындан 87 сомго чейин болсо, сатуу 88 сом 20 тыйындан 89 сомго чейин чейин болууда.

Белгилей кетсек, бүгүн, 28-март саат 8:19га карата өлкөдө долларды сатып алуу 89 сомдон 90 сомго чейин болсо, сатуу 91 сомдон 92 сомго чейин болгон.

Улуттук банкта доллардын курсу 94 сом 64 тыйын деп көрсөтүлөт.