Кыргызстанда казинолорду кайрадан ачуу сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоорун Экономика министрлиги иштеп чыкты. Документте өлкөдөгү оюн-зоок мекемелердин ишкердүүлүк негиздери, мамлекеттик жөнгө салуу, ээлеринин жоопкерчилиги жана кардарларга талаптар жазылган. Белгилеп кетсек, казинолор жана оюн-зоок мекемелери атайын лицензия алынгандан кийин гана ачылат.
Лицензияны алыш үчүн ишкерлер акча төлөшү керек болот, тарифтерин министрлер кабинети бекитет.
Документ коомдук талкууга чыгарылды. Эске салсак, Кыргызстанда казинолор 2012-жылдын 1-январында жабылган.