Эми коммуналдык кызматтарды санариптик облигациялар менен төлөөгө болот

Эми коммуналдык кызматтарды санариптик облигациялар менен төлөөгө болот.

Накталай эмес эсептешүүлөр үчүн Каржы министрлиги 2023-жылдын 1-январынан тарта жаңы инструментти ишке киргизет.

Санариптик баалуу кагаздар аркылуу биринчи этапта коммуналдык кызматтар — электр, суу, жылуулук үчүн төлөөгө мүмкүн болот.

Бул механизм бюджеттик каражаттардын максаттуу пайдаланылышына көзөмөлдү камсыздайт, төлөмдөрдүн мөөнөттөрүн кыскартат, салык жана башка милдеттенмелерди өз убагында кайтарып, ошондой эле реалдуу убакыт режиминде акча каражаттарынын кыймылынын ачык-айкын эсебин берет, — деп күтүлүүдө.