Жогорку Кеңешти шайлоого карата күрөө акысын төлөө жана кайтарып алуу жолдору айтылды

Жогорку Кеңешти шайлоого карата күрөө акысын төлөө жана кайтарып алуу жолдору айтылды.

БШКнын маалыматына ылайык, жарышка аттанган партиялар 1 миллион сом, бир мандаттуу

округдан чыккандар 100 миң сомдук күрөө акысын төлөшү керек. Бирок, бирок партия добуштардын

1 пайызына, бир мандаттуу округдагылар 5 пайызына ээ болсо, 10 күндүн ичинде БШКга каржы

отчётун тапшырса, ошондой эле  бюллетендин тексти жана формасы бекитилгенге чейин шайлоого

катышуудан баш тартса акы кайтарылат. Эгер, шайлоого чейин талапкерди, саясий партиянын

талапкерлеринин тизмесин каттоо жокко чыкса жана добуштар жараксыз деп табылса

күрөө акысы республикалык бюджетке которулат. Кайтарылып берилбейт.