“Мета” компаниясы жаңы Threads аттуу социалдык тармакты ишке киргизди

“Мета” компаниясы жаңы Threads аттуу социалдык тармакты ишке киргизди. Ал Твиттерге түз атаандаш болору айтылууда. Социалдык түйүн иштей баштаган алгачкы жети сааттын ичинде ага ондогон миллион адам катталды.

 

Жаңы тиркемеде 500 символдон турган билдирүүлөрдү жазса болот.

 

Ошондой эле узундугу беш мүнөткө жеткен видеолорду, сүрөттөрдү жайгаштырууга мүмкүнчүлүк бар.  Эксперттердин пикиринде, Илон Маск киргизген жаңы эрежелерге ичи чыкпаган Твиттердин колдонуучуларынын көбү жаңы социалдык түйүнгө өтүп кетиши ыктымал.