Жумгал районунун Чоң-Дөбө айылында жаңы мектеп пайдаланууга берилди.
Өкмөттүн аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, билим берүү мекемеси
225 окуучуга чакталат. Долбоордун наркы 62 миллион сомду түздү. Курулуш
республикалык бюджеттен жана түркиялык гранттын эсебинен каржыланды