9 мамлекет биздин абитуриенттерге жогорку окуу жайларына 900 бюджеттик орун бөлүп берди

9 мамлекет биздин абитуриенттерге жогорку окуу жайларына 900 бюджеттик орун бөлүп берди. Бул тууралуу Билим берүү министринин орун басары Нурлан Өмүров билдирди.

 

Анын айтымында, эң көп орунду Россия бөлүп берди – бул өлкөнүн жогорку окуу жайларында 400 кыргызстандык абитуриент акысыз окуй алат.

 

Ошондой эле, бюджеттик орундарды бизге Кытай, Түркия, Венгрия, Белоруссия, Казакстан, Латвия, Тажикстан жана биринчи жолу Өзбекстан бөлүп берди.