Баткенде заманбап спорт комплекс курулууда

Баткен шаарында заманбап спорт комплекси курулууда. Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, курулуш иштерине жергиликтүү бюджеттен 12 млн сом каралган, учурда иш 80%га аяктап калды.

 

Анда волейбол, баскетбол, футбол, күрөш боюнча машыкса болот, ошондой эле комплексте аялдар, эркектер үчүн өзүнчө машыгуучу залдар, кийим алмаштыруучу бөлмөлөр, жуунучу жай менен ашкана да пландаштырылган.

 

Белгилеп кетсек, буга чейин шаарда кыз-келиндер үчүн спорттук зал жок болчу.