Жыл башынан бери банктардын жана камсыздандыруу компаниялардын кирешеси дээрлик 3 эсе өсүп, 41,2 миллиард сомго жетти

Жыл башынан бери банктардын жана камсыздандыруу компаниялардын кирешеси дээрлик 3 эсе өсүп, 41,2 миллиард сомго жетти. Бул өткөн жылдын ушул эле мөөнөт аралыгына салыштырмалуу, 32 пайызга көп, — дешти Улуттук статистика комитетинен.

 

Эске салсак, учурда өлкөнүн каржы тармагында 622 уюм иш алып барат – Улуттук банк, 23 коммерциялык банк, 583 каржылык-насыя уюмдары жана 145 камсыздандыруу компаниясы.