Жыл башынан бери Кыргызстанга 200 миңге жакын россиялык жаран келди

Жыл башынан бери Кыргызстанга 200 миңге жакын россиялык жаран келди.

Анын ичинен 1 миң 500дөн ашыгы Кыргызстандын жарандыгын алууга арыз берди.

Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин калкты каттоо департаментинин башчысы Нурсултан Сардарбеков билдирди.

Ал белгилегендей, быйыл тогуз айда Кыргызстанга келген россиялыктардын саны былтыркы көрсөткүчтөн 30 пайызга көп.

Эске салсак, сентябрдан тарта өлкөгө келген россиялыктардын саны кескин көбөйдү.

Бул жакында эле жарыяланган жартылай мобилизацияга байланыштуу.