Түркияда жер титирөөдө жабыркагандардын жана каза тапкандардын арасында кыргызстандыктар жок

Түркияда жер титирөөдө жабыркагандардын жана каза тапкандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.   Эске салсак, 6,8 баллга жеткен зилзала Түркиянын Элязыг жергесинде өткөн жума күнү болду. Андан кийин адистер 200дөн ашык автершокторду дагы катташты. Учурга карата 39 киши каза… Кененирээк…

Кытайдын коронавирус чыккан Ухан шаарында Кыргызстандын 15 жараны бар

Кытайдын коронавирус чыккан Ухан шаарында Кыргызстандын 15 жараны бар. Алардын 14ү студенттер жана бирөө жеке ишкер. Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев өкмөттүн жыйынында билдирди.   Анын айтымында, аталган шаарда жалпы жонунан 50 кыргызстандык болгон. Каникулга байланыштуу алардын көпчүлүгү Кыргызстанга кайтып келишкен… Кененирээк…

Бишкекте быйыл жаңы 5 эс алуу аймагы пайда болот

Бишкекте быйыл жаңы 5 эс алуу аймагы пайда болот. Мэриянын маалыматына ылайык, скверлер ордо калаанын ар кайсы бөлүктөрүндө жайгашат. Аларда эс алуу үчүн, спорт менен машыгуу үчүн бардык шарттар каралат.   Муниципалитеттен белгилешкендей, эс алуу аймактарын көбөйтүү – шаарды аба булгануусунан коргоо үчүн жасалууда.

Кыргызстанда коронавирус катталганы боюнча маалымат чындыкка  дал келбейт

Кыргызстанда коронавирус катталганы боюнча маалымат чындыкка  дал келбейт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти.   Ведомстводон белгилешкендей, республикада түзүлгөн ыкчам штаб вирустун жаңы түрү боюнча абалды кылдат байкап жатат. Дарыгерлер дартты жуктуруп албаш үчүн өздүк гигиенаны сактап, эл көп чогулган жерлерге барбай, эт… Кененирээк…

АКШда коронавирус менен жабыркагандардын саны 5ке жетти

АКШда коронавирус чакырган пневмония оорусу менен жабыр тарткан 5 адам катталган. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазууда.   Анда жазылгандай, коронавирус оорусу Аризона, Калифорния, Иллинойс жана Вашингтон штаттарында катталган. Алардын баары Кытайдын Ухань шаарынан келген жарандар болгон. Коронавирус (2019-nCoV) 2019-жылдын декабрь айында Кытайдын Ухань шаарында башталган.… Кененирээк…

Баткен облусунун чек ара башкармалыгында баасы 2 миллион сомго барабар күндөн заряд алуучу кубаттагычтар жоголду

Баткен облусунун чек ара башкармалыгында баасы 2 миллион сомго барабар күндөн заряд алуучу кубаттагычтар жоголду. Маалыматты Чек ара кызматынын маалымат катчысы Асылкерим Ажиев тастыктады.   Аталган факты боюнча материалдар Баткен облусу боюнча Аскер прокуратурасына өткөрүп берилип, учурда териштирүү иштери жүрүп жатат. Аталган жабдуулар электр жарыгы… Кененирээк…

Кыргызстанда коронавируска байланыштуу ыкчам штаб түзүлдү

Кыргызстанда коронавируска байланыштуу ыкчам штаб түзүлдү. Анын  курамына Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана бир катар тийиштүү мамлекеттик органдардын адистери кирди. Кыргызстанда коронавирус учурлары катталган жок.   Кыргыз-кытай чек арасынын бардык өткөрмө-көзөмөл жайларында, Бишкек жана Ош шаарларынын аэропортторунда оорунун белгилерин аныктоо үчүн дене табын өлчөөчү жабдыктар орнотулду.… Кененирээк…

Бүгүн Бишкектин жана Чүй облусунун айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт

Бүгүн Бишкектин жана Чүй облусунун айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт. “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин жарык Махатма Ганди, Калык Акиев, Тыныстанов, Медеров, Бөкөнбаев, Тоголок Молдо көчөлөрүндө, Аламүдүн, Лебединовка, Маевка, Мраморное, Озерное айылдарында жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

“Тазалыктын” кызматкерлери ордо калааны кардан арылтууда

“Тазалыктын” кызматкерлери ордо калааны кардан арылтууда. Муниципалдык ишкананын маалыматына ылайык, штаттык режимде Бишкек боюнча 663 көчө шыпыргыч, 117 жүк ташыган кызматкери жана 100гө чукул таштанды чогулткан жумушчулары иштеп жатат.   Шаардын көчөлөрүнө, тротуарларына 200 тонна техникалык туз себилди.

Кыргызстанда өтүп кеткен жылы “эң арзан жашоо”  Таласта катталды

Кыргызстанда өтүп кеткен жылы “эң арзан жашоо”  Таласта катталды. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, аталган аймактын ар бир тургунуна эсептелген жашоо минимуму 4 миң 806 сомду түздү.   Салыштыра турган болсок, ушул эле көрсөткүч Жалал-Абад облусунда 5 миң 176 сомго теңелет, — дешти Улуттук статистика… Кененирээк…