Кыргызстанда коронавируска байланыштуу ыкчам штаб түзүлдү. Анын курамына Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана бир катар тийиштүү мамлекеттик органдардын адистери кирди. Кыргызстанда коронавирус учурлары катталган жок.
Кыргыз-кытай чек арасынын бардык өткөрмө-көзөмөл жайларында, Бишкек жана Ош шаарларынын аэропортторунда оорунун белгилерин аныктоо үчүн дене табын өлчөөчү жабдыктар орнотулду. Акыркы маалыматтарга караганда, Кытайда жаңы вирустан каза тапкандардын саны 41ге жетип, 1 миң 287 киши ооруну жуктуруп алганы белгилүү болду.