Кыргызстанда дагы 18 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев билдирди. Анын айтымында, катталгандардын бирөө Бишкек, сегизөө Чүй облусунда, Жалал-Абадда үчөө, Ысык-Көлдө бир адам.
Ушуну менен Кыргызстанда вирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 298ге жетти.