Бишкектин Элебесов көчөсүндө бүгүнтөн тарта кыймыл татаалданат

Бишкектин Элебесов көчөсүндө бүгүнтөн тарта кыймыл татаалданат. Анын Фере көчөсүнөн төмөн жагында узундугу 2 чакырымга созулган магистралдык тармактарды салуу иштери жүргүзүлөт.   Долбоорду ишке ашыруу менен борбордук канализацияга 5 миңден ашык адам кошулат. Жумуштар 20-июлга чейин жыйынтыкталмакчы. Айдоочуларга башка каттамдарды түзүп алуу сунушталат.

Мектептерге онлайн кабыл алуу уланууда

Мектептерге онлайн кабыл алуу уланууда. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, бул жылы системага Бишкектен тышкары, Ош, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя, Кара-Балта жана Токмок шаарлары кошулду.   Биринчи класска балдары бара турган ата-энелер mektep.edu.gov.kg сайтында каттоодон өтүшү керек. Андагы бардык зарыл документтерди тиркеп, кезектин жылышына сөзсүз көз салып… Кененирээк…

Ошко Өзбекстандан гуманитардык жүктүн экинчи партиясы жеткирилди

Ошко Өзбекстандан гуманитардык жүктүн экинчи партиясы жеткирилди. Ташкенттен гумжардам катары 440 оорукана керебеттери, 1 миң термометр, 2 миң 500 коргоочу костюм жана он миңдеп медициналык беткаптарын жиберген.   Белгилеп кетсек, колдоо көрсөтүү демилгеси Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге таандык.

Бишкектеги кийим-кече базарлары 25-майда иштеп баштайт

Бишкектеги кийим-кече базарлары 25-майда иштеп баштайт. Бул тууралуу ордо калаанын вице-мэри Азиз Алымкулов билдирди. Анын айтымында, базарлардын администрациясы санитардык талаптардын жана сатып алуучулардын ортосундагы  2 метрлик аралыктын сакталышына көз салышы керек.   Андан тышкары, базардын айланасындагы башаламан соода кылууга жол берилбеши зарыл.   Эске салсак, … Кененирээк…

Коронавирусту көз ирмемде аныктай турган технология иштелип чыкты

Бириккен Араб Эмирлигиндеги QuantLase Imaging Lab лабораториясы коронавирусту лазер менен өтө тез аныктай турган технология ойлоп тапты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.   Лазер вирусту канга жаңы эле жуккан учурдан тарта аныктай алат. Кызыгы, жабдуу бир гана киши эмес, массалык түрдө текшере алары, жыйынтыгы бир нече… Кененирээк…

Өлкөнүн тоолуу аймактарында жана тоо этектеринде сел жүрүү коркунучу бар

  Өлкөнүн тоолуу аймактарында жана тоо этектеринде сел жүрүү коркунучу бар. Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, дарыяларда суунун деңгээли жогорулашы мүмкүн. Каракол — Эңилчек унаа жолунун 76-86-чакырымдарында кар кар көчкү түшүү коркунучу сакталат.   Андан улам, айдоочуларга унаалардын ортосундагы тиешелүү 500 метр аралыкты сактап, малчыларга жайлоого чыкпай… Кененирээк…

Музей кызматкерлеринин айлыгы 80 пайызга жогорулады

Музей кызматкерлеринин айлыгы 80 пайызга жогорулады. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул максатта Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин бюджетинде 15,5 миллион сом каралган.   Ошондой эле маданият жана искусство мекемелеринин айрым категориядагы кызматкерлери үчүн да айлык акы 80 пайызга көтөрүлөт, — дешти өкмөт… Кененирээк…

Россиядан дагы 164 кыргызстандык жеткирилди

Россиядан дагы 164 кыргызстандык жеткирилди. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, алар Оренбург-Бишкек чартердик каттамы менен учуп келди. Шарт боюнча, эми мекендештер обсервацияга алынышы керек.   Буга чейин Оренбургдун Бузулук шаарында 560 кыргызстандык жараны Казакстандын чек арасынан өтө албай, өлкөгө кайтып келе албай жатканы маалымдалган.

Талас облусуна кирем дегендин бардыгы обсервацияга алынат

Талас облусуна кирем дегендин бардыгы обсервацияга алынат. Бул тууралуу өкмөттүн аталган аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев билдирди.   Анын айтымында, учурда облуста 95 адам обсервацияда жатат. Таласта вирус аныкталган жок, аны мындан ары дагы аймакка киргизбөө үчүн дарыгерлердин алгоритмин так кармануу зарыл, — деди… Кененирээк…

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрүү түйүнүндө жүк ташуучу унаалардын узун кезеги жаралды

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрүү түйүнүндө жүк ташуучу унаалардын узун кезеги жаралды. Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, бул казак тарап жүк өткөрүү процессин кылдат өткөрүп, ар бир унааны текшерүүгө убакыт көп кетип жатканына байланыштуу.   Жеринде экономика министринин орун басары жана өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү… Кененирээк…