Саламаттыкты сактоо министрлиги респиратордук вирустардын сезонуна даярданууда

Саламаттыкты сактоо министрлиги респиратордук вирустардын сезонуна даярданууда. Ведомство  сасык тумоого каршы 800 миңден ашык вакцина сатып алат. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу департаментинин бөлүм башчысы Динагүл Оторбаева билдирди. Анын айтымында, учурда 11 миң вакцина  сатып алуу боюнча келишим түзүлдү. Аба табынын төмөндөшү менен республикада респиратордук… Кененирээк…

Кыргызстанда колледждерге кабыл алуунун экинчи туру 7-августта башталат

Кыргызстанда колледждерге кабыл алуунун экинчи туру 7-августта башталат. Ал 25-августка чейин жүргүзүлөт. Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, абитуриенттер министрлик тарабынан атайын иштелип чыккан системада катталышат. Окууга өткөндөр документтердин түп нускаларын окуу жылы башталганда бериши керек. Быйыл кабыл алуу 145 колледжде жүргүзүлүүдө.

Нарын облусунда үймө-үй кыдырып вируска чалдыккандарды аныктоо иштери уланууда

Нарын облусунда үймө-үй кыдырып вируска чалдыккандарды аныктоо иштери уланууда. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, аймакта 63,5 миң үй-бүлө жашайт. Учурда анын жарымынан көбүнө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. 5 миң адам медицина мекемелерине текшерилүүгө жиберилди. Иштерди көчмө топтор жүргүзүп жатат. Санитардык-гигиеналык талаптар сакталууда.

Курман айт күнү ордо калаада коомдук унаалар токтотулбайт

Курман айт күнү ордо калаада коомдук унаалар токтотулбайт. Мэриядан билдиришкендей, эртең коомдук унаалар башка жумушчу күндөрдөй эле эртең менен саат 7ден 10го чейин, кечинде 5тен 9га чейин каттайт. Автобус, троллейбус жана маршруттук автобустар ишемби, жекшемби күндөрү гана каттамга чыкпайт. Белгилеп кетсек, Курман айт майрамы 31-июль,… Кененирээк…

Тажикстан калкка электр энергиясын берүүгө чектөө киргизет

Тажикстан калкка электр энергиясын берүүгө чектөө киргизет. Мындай чара суу сактагычта нымдуулуктун жетишсиздигинен улам көрүлүп жатат. Азырынча электр энергиясы канча көлөмдө кыскартылары айтыла элек. Бирок былтыр Тажикстандагы үйлөргө күнүнө 4-5 сааттан гана жарык берилген.

Меккеде алгачкы ирет ажылык чет өлкөлүк зыяратчылар жок өтүп жатат

Меккеде алгачкы ирет ажылык чет өлкөлүк зыяратчылар жок өтүп жатат. Анын башкы себеби коронавирус пандемиясы. Жыл сайын Ажы учурунда Меккеге дүйнөдөн 2 миллиондон ашык мусулман келет. Ал эми быйыл 10 миңден ашпаган адамга гана уруксат берилди. Алардын басымдуу бөлүгү жергиликтүү тургундар. Жашы 60тан ашкан адамдар… Кененирээк…

Ордо калаанын борборунда Бишкек баатырга арналган айкел орнотулат

Ордо калаанын борборунда Бишкек баатырга арналган айкел орнотулат. Скульптордук-композиция сүрөтчү-скульптор Адиль Сейталиевге таандык. Ал 2019-жылы Бишкек башкы курулуш архитектура ишканасы уюштурган мыкты долбоор сынагында жеңишке жеткен. Эстелик Эркиндик бульвары жана Чүй проспектисинин кесилишинде пайда болот. Учурда курулушка даярдык иштер жүрүп жатат. Айкел үчүн марафон учурунда… Кененирээк…

Ордо калаада 118 чалуу кызматына кайрылгандардын саны 3 эсе азайды

Ордо калаада 118 чалуу кызматына кайрылгандардын саны 3 эсе азайды. Калаа мэриясынан билдиришкендей, чалуу борборунда күнү-түнү клиникалык ординатор жана ыктыярчы дарыгерлер нөөмөттө турушат. Алар жарандарга саламаттыкты сактоо министрлиги бекиткен алгоритм менен акысыз кеп-кеңеш беришет. Операторлордун айтымында, акыркы убактарда чалгандардын саны азайып жатат. Эгерде июль айынын… Кененирээк…

Коронавируска кабылгандар сакайгандан кийин ден соолугун кантип калыбына келтириши керек?

Коронавируска кабылгандар сакайгандан кийин ден соолугун кантип калыбына келтириши керек? Белок жана витаминдерге бай азыктар организмди тез арада калыбына келтирет. Сүт азыктары мында пайдалуу. С витаминине бай лимон, болгар калемпири, карагат, шпинат, петрушка жеп туруу зарыл. Суусундуктан жалбыз, ит мурун, шалфей кошулган чай, компот жана… Кененирээк…

Кызыл-Кыянын жашоочулары ооруканага тез жардам унаасын белек кылышты

Кызыл-Кыянын жашоочулары ооруканага тез жардам унаасын белек кылышты. Анын баасы 11,5 миң долларды түздү. Каражат 20 күндүн аралыгында чогултулду. Реанимациялык тез жардам унаасында ИВЛ аппарат, кычкылтек баллону жана сүйрөмө орундук бар. Аймактагы учурда кызмат көрсөтүп жаткан тез жардам унаасынын эскилиги жеткендиктен, бейтаптарды тейлөө үчүн керектүү… Кененирээк…