Ысык-Көл райондук ооруканасында дарыгерлердин жетишсиздиги боюнча маселе чечилди

Ысык-Көл райондук ооруканасында дарыгерлердин жетишсиздиги боюнча маселе чечилди. Вице-премьер-министр Аида Исмаилова билдиргендей, Чолпон-Атада КОВИД-19 менен ооругандарга карата 2 стационар уюштурулду. Бири “Алтын балалык” бала бакчасында болсо, экинчиси райондук оорукананын корпусунда. Аймакка Бишкектен дарыгерлердин тобу жиберилди. Мындан тышкары Россиядан жардам көрсөтүү үчүн келген адистердин командасы да… Кененирээк…

Бишкекте мыйзамсыз объектилерди алуу уланууда

Бишкекте мыйзамсыз объектилерди алуу уланууда. Мэриядан билдиришкендей, Юнусалиев, Сухэ Батор жан Матыев көчөлөрүндөгү уруксааты жок иштеп келген соода күркөлөрү алынды. Иштерди “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жүргүзүп жатат. Калаа бийлигинен эске салышкандай, жарандар мыйзамсыз жана туура эмес курулуштар жөнүндөгү фактыларды муниципалитетке билдирип коюшса болот.

Кыргызстанда дарыгерлерге берилүүчү кошумча төлөмдүн өлчөмү кайра каралды

Кыргызстанда коронавируска чалдыккан бейтаптарды дарылап жаткан дарыгерлерге берилүүчү кошумча төлөмдүн өлчөмү кайра каралды. Вице-премьер-министр Аида Исмаилова билдиргендей, буга чейин төлөмдөрдү 3 категорияда берилип келген. Алар стационарларда, оорунун очогунда жана тез жардам түйүнүндө иштеген медицина кызматкерлери. Эми белгиленген 78 миң сом кошумча акча патологонатомдорго да берилет.… Кененирээк…

Ордо калаанын айрым аймактарында жарык жок болот

Ордо калаанын айрым аймактарында жарык жок болот. “Түндүк электр” ишканасынан билдиришкендей, бүгүн кечки саат 7ге чейин Огонбаев, Сүйүнбаев, Осмонкул, Чүй, Тыныстанов, Горький, Ахунбаев жана Токтоналиев көчөлөрүнүн бир бөлүгүнө, чыцгыш 5 кичирайонунда, Дордой, Рухий-Мурас жана Арча-Бешик конуштарынын айрым жерлеринде электр энергиясы жок болот.

COVID-19 вирусу менен ооруп айыккандарга көлгө түшүүгө тыюу салынат

COVID-19 вирусу менен ооруп айыккандарга көлгө түшүүгө тыюу салынат. Бул тууралуу Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун директорунун орун басары Жамиля Усупова билдирет. Анын айтымында, пневмония менен ооругандар жана вирус жуктуруп алгандарда оорунун эч кандай белгилери жок болсо да көлгө түшүүгө болбойт. Суу муздак… Кененирээк…

Жалал-Абад шаарында түнкү стационар ачылды

Жалал-Абад шаарында түнкү стационар ачылды. Калаа мэриясынын маалыматына ылайык, убактылуу медициналык мекеме катары Жалал-Абад мамлекеттик университетинин спорт залы тандалып алынды. Ага шаар бийлиги тарабынан 5 даана кычкылтек концентратору жана 15 даана коргоочу формалар тапшырылды. 20 орунга ылайыкташкан түнкү стационар кечки саат 8ден таңкы 8ге дейре… Кененирээк…

Ош шаарында калктын бир катар социалдык катмарына рентген кызматы акысыз жүргүзүлөт

Ош шаарында калктын бир катар социалдык катмарына рентген кызматы акысыз жүргүзүлөт. Түштүк калаадагы медициналык борбордон билдиришкендей, ооруканалардын кызыл зоналарында иштеген медицина кызматкерлери, ыктыярчылар үчүн рентгенографиялык изилдөө 2 ай бою акысыз жүргүзүлөт. Ошондой эле ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн, Баатыр энелерге жана кароого муктаж жаш балдарга… Кененирээк…

“Тазалык” ишканасынын кызматкерлери шаардык суу оргумаларын жууга киришти

“Тазалык” ишканасынын кызматкерлери шаардык суу оргумаларын жууга киришти. Муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, иштер учурда Филармония жана мэриянын алдындагы, Ала-Тоо аянтында, ошондой эле Эмен эс алуу багындагы 25 фонтандын шакекчесин жууп-тазалашууда. Муну менен катар суу оргумаларынын жабдуулары да текшерилет. Жайкы сезондо муктаждыкка жараша оңдоо иштери… Кененирээк…

Бишкекте «Тулпар» электрондук картасы 10-августтан тарта ишин жандантат

Бишкекте «Тулпар» электрондук картасы 10-августтан тарта ишин жандантат. Эми жол кирени накталай акча менен төлөгөндөр аныкталса, адистер айдоочуларга жана транспорттук компанияларга карата акт түзүшөт, — деп эскертишти ордо калаа бийлигинен. Картаны колдонуу менен байланыш азайып, санитардык эрежени сактоого шарт түзөт. Белгилеп кетсек, Бишкекте 1-марттан тарта… Кененирээк…

Өкмөт аралыктан окутуунун шарттарын жакшыртуу ниетинде

Өкмөт аралыктан окутуунун шарттарын жакшыртуу ниетинде. Биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Батырбеков билдиргендей, убактылуу аралыктан окутуу мезгилинде аймактардын жогорку ылдамдыктагы интернетке жеткиликтүүлүгүн камсыздоо керек. Интернеттин начардыгынан улам окуучулар окуу материалдарын толук кандуу өздөштүрө албай калышууда. Эске салсак, буга чейин Билим берүү министрлиги эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу жаңы окуу… Кененирээк…