Кыргызстанда жогорку окуу жайларда келишимдин баасын кыскартуу маселеси каралууда

Кыргызстанда жогорку окуу жайларда келишимдин баасын кыскартуу маселеси каралууда. Акыркы чечим жакынкы аралыкта белгилүү болот. Бул тууралуу Билим берүү министрлигине таянуу менен “Акипресс” билдирет. Эске салсак, өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу жыйынтыкталган окуу жылында студенттерге контракт төлөө боюнча ийкем график түзүлгөн. Буга жогорку окуу жайларда сабактар… Кененирээк…

Кыргызстанда шайлоо боюнча иш алып бара турган Республикалык штаб түзүлдү

Кыргызстанда шайлоо боюнча иш алып бара турган Республикалык штаб түзүлдү. Анын милдети добуш берүүнү уюштуруу жана материалдык-техникалык жактан камсыздоо, — деди премьер-министр Кубатбек Боронов. Анын айтымында,  штабды вице-премьер-министр Акрам Мадумаров жетектейт. Учурда 2 миң 464 шайлоо тилкеси бар. Анын 44ү чет өлкөлөрдө. Мындан тышкары 54… Кененирээк…

Ноокат районунун Көк-Жар айылында жаңы бейтапкана пайда болот

Ноокат районунун Көк-Жар айылында жаңы бейтапкана пайда болот. Буга карата Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы тендер жарыялады. Медициналык мекеме 100 орунга ылайыкташат. Курулуш иштери 207 миллион сомго бааланганы мамлекеттик сатып алуулар департаментинин сайтында жазылды. Сынактык арыздарды кабыл алуу 1-сентябрда токтотулат.

Бала бакчалардын иштөө тартиби өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга жараша болот

Бала бакчалардын иштөө тартиби өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга жараша болот. Бул тууралуу Билим берүү министрлигине таянуу менен “Акипресс”  билдирет. Маалыматка караганда, мектепке чейинки даярдоо мекемелери санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын корутундусунун негизинде кадимки режимде иштесе болот. Министрликтен белгилешкендей, учурда балдарды кабыл алуу жүрүп жатат. Ал үчүн ата-энелер balabakcha.edu.gov.kg… Кененирээк…

Кыргызстанда калкты сасык тумоого жана КРВИге каршы эмдөө сентябрдын аягында башталат

Кыргызстанда калкты сасык тумоого жана курч респиратордук инфекцияларга каршы эмдөө сентябрдын аягында башталат. Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматованын айтымында, учурда 111 миң вакцина боюнча келишим түзүлдү. Мындан тышкары дагы 700 миң вакцинага арыз даярдалды. Эмдөө биринчи кезекте 65 жаштан улуу адамдарга, медицина кызматкерлерине,… Кененирээк…

Улуу Британияда деңизге түшкөн 10 жаштагы бала тасмада айтылган кеңештерди аткарып аман калды

Улуу Британияда деңизге түшкөн 10 жаштагы бала тасмада айтылган кеңештерди аткарып аман калды. Ал куткаруучулар келгенге чейин чөгүп кетпестен суу үстүндө калкып турганын Daily Mail басылмасы билдирет. Окуя Англиянын Норт-Йоркшир графтыгында катталган. Равираджа Саини аттуу бала деңизге түшкөн. Бул убакта толкун баланы карама-каршы булуңга агызып кеткен. Саини… Кененирээк…

Өткөн суткада Кыргызстанда дагы 589 бейтап коронавирустан сакайып чыкты

Өткөн суткада Кыргызстанда дагы 589 бейтап коронавирустан сакайып чыкты. Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдиргендей, айыккандардын көбү Бишкектен, Чүй жана Ош облустарынан. Ушуну менен жалпысынан өлкө боюнча 30 миң 99 адам коронавирус жана пневмонияны жеңип чыкты.

Америка TikTok тиркемесин Кытайдан сатып алуу ниетинде

Америка TikTok тиркемесин Кытайдан сатып алуу ниетинде. Мындай тапшырманы президент Дональд Трамп Microsoft компаниясына берди. Эми сатып алуу 15 –сентябрга чейин ишке ашышы керек. Эгер бул убакытка чейин компания тиркемени сатып алса, ал АКШда ишин уланта алат. Учурда Америкада TikTok тиркемесин 80 миллиондон ашык адам… Кененирээк…

Өзгөн—Зергер унаа жолу оңдоп-түзөөдөн өтөт

Өзгөн—Зергер унаа жолу оңдоп-түзөөдөн өтөт. Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүктөн билдиришкендей, учурда тилкеде асфальт төшөө иштери жүрүп жатат. Маалыматка караганда, долбоор боюнча трассанын 7-8-чакырым аралыгы ремонттолот. Курулуш иштеринин жалпы сметалык баасы 5 миллион сомду түзөт. Каражат республикалык бюджеттен бөлүндү.

Базар-Коргон районунун Арсланбап айылында сел жүрдү

Базар-Коргон районунун Арсланбап айылында сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Ага караганда, кечээ тоолордо катуу жааган жаандан улам суу ташкындады. Анын кесепетинен 10 турак жайдын короосуна суу толду. Бир катар курулуштардын дубалдары ураган. 1 чакырымдан ашык унаа жол жарактан чыгып, электр… Кененирээк…