Өзгөн—Зергер унаа жолу оңдоп-түзөөдөн өтөт.
Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүктөн билдиришкендей,
учурда тилкеде асфальт төшөө иштери жүрүп жатат.
Маалыматка караганда, долбоор боюнча трассанын 7-8-чакырым аралыгы ремонттолот.
Курулуш иштеринин жалпы сметалык баасы 5 миллион сомду түзөт.
Каражат республикалык бюджеттен бөлүндү.